Ысык-Көлдө аскага катылган мергенчилердин мылтыктары табылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда белгисиз адамдар тарабынан аскага катылган ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак өрөөнүндөгү аскалардын бирине катылган куралдар 4-декабрда чек ара кызматкерлери тарабынан табылган.

"Ак-Шыйрак өрөөнүндөгү асканын түбүнөн капка салынып катылган 4 мылтык табылды. Алардын экөө сайлуу ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, бири жыйырманчы, бири он алтынчы калибрдеги сайсыз ок атуучу мылтыктар болгон. Ал мылтыктар негизи мергенчиликке колдонулат. Бирок Ак-Шыйрак өрөөнүндө мергенчилик кылууга тыюу салынган. Куралдарды чек ара кызматкерлери бизге өткөрүп беришти, учурда ээлери изделип, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айлана-чөйрөнү коргоо департаментинен сайлуу ТОЗ-8 мылтыктарын эгер уруксатсыз алып жүргөн болсо кылмыш иши козголо турганын, ал эми сайсыз мылтыктарга административдик протоколдор толтурулуп, курал мамлекетке тартылып алынарын билдиришти.

Ал эми Бишкектеги мергенчилердин куралдарын саткан дүкөндөр сайсыз мылтыктар 11 миң сомдон турарын, сайлуу ТОЗ-8 мылтыгы сатылбастыгын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан