Бишкек шаарына 8-декабрда эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру көргөзмөгө алып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда "Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 9-декабрда өтө турган Jash Kuch Fighting Championship (JFC) мелдешинин алдында мушкерлерди таразага түшүрүү аземинде UFC уюмунун чемпиондук курунун көргөзмөсү өтөт.
"8-декабрда JFC мелдешинин алдында мушкерлерди таразага түшүрүү аземинин алкагында көп окуялар даярдалууда. Эң негизгиси биз атайын АКШдан UFC уюмунун чемпиондук курун алып келдик. UFC'нин чемпиондук куру менен сүрөткө түшүүгө каалагандар үчүн атайын аймак бөлүнөт. Анда алар JFC жана UFC'нин чемпиондук куру менен сүрөткө түшө алышат", - дейт Айбек Мусаев.
Эске салсак, UFC уюмунун эң белгилүү чемпиондору эркектер арасында Конор Макгрегор болсо, кыз-келиндер арасында Аманда Нуньес.