Бүгүн, 6-декабрда Индонезияда өтүп жаткан "Tsunami Cup-2017" футболдук мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы Индонезиянын курама командасы менен беттешүүдө. 1-таймдын жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 1:0 эсебинде алдыда келүүдө.
Алгачкы голду оюндун 20-мүнөтүндө Бекжан Сагынбаев киргизди. Ал атаандашынын айып аянтчасында Элдияр Сардарбековдун чыгарып берүүсүн таамай сокку менен жыйынтыктап, эсеп санын ачты.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы аталган мелдештин алкагында 2-ирет жеңишке жетип турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлгөн. Алсак, Монголияны 3:0, Брунейди 4:0 эсебинде утуп алышкан.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышууда.
Оюндар олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча өтөт. Анда курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.
Негизги курамдын тизмеси:
Аманбек Маныбеков;
Бекжан Сагынбаев;
Аскар Салиев;
Бахтияр Дүйшөбеков;
Султан Момунов;
Элдияр Сардарбеков;
Мустафа Юсупов;
Кадырбек Шаарбеков;
Азамат Байматов;
Антон Землянухин;
Павел Матяш.