Ага-ининин бир кызга арналган махабатын баяндаган "Кызыл жаан" аттуу тасма жарык көрдү

Бүгүн, 6-декабрда кыргыз тасмасынын катары “Кызыл жаан” аталышындагы көркөм фильм менен толукталды. Фильмдин жабык эшик артындагы бет ачар аземи Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде өтүп, маданият өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенттери катышты.

Мелодрама, драма жанрындагы бул тасманын режиссёру Динара Гайбылдаева тасма жашоодо болгон окуянын негизинде тартылганын айтат.

Фильмди жаратуучу топ идеяны көркөмдөп иштеп чыгууга жана актёрлордун даярдыктарына 5 ай убакыт коротушкан. Фильм бир ай аралыгында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жетиген айылында тартылган.

“Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон окуя тууралуу Жумагүл Жеңишбек кызы айтып берген. Окуя мени абдан таасирлентип, ушул эмгекти жаратууга түрткү берди. Сүйүп жүргөн кызын өз агасы ала качып кетип, бир үйдө жашоо чоң азап. Ошондуктан тартуучу топ тасманы көркөмдөп, кошумча образдарды да коштук”, - дейт Гайбылдаева.

Фильмди тартууда режиссёр жаңы актёрлор менен иштешип, жаңы жүздөрдү алып чыгууну көздөгөн. Башкы каармандардын образын жаратууга сынак жарыяланып, жыйынтыгында жаш актёрлор Талгат Кеңешбеков менен Мыскал Майрамбек кызы тандалып алынган.

“Буга чейин мен башка тасмаларда эпизоддорго эле тартылгам. Бул менин толук метраждуу тасмадагы биринчи башкы ролум. Кесибим актёр болгондуктан образга кирүү мен үчүн оор деле болгон жок. Тасмада сүйүү баяндалган. Көрүүчүлөр үчүн тарбиялык мааниси чоң деп ойлойм”, - дейт фильмдин башкы каарманы Талгат Кеңешбеков.

"Кызыл жаан" фильминде жогорку окуу жайды жаңыдан аяктап, айылга келген жигиттин тагдыры баяндалат. Анда Мунар аттуу жигит Пери деген кызга ашык болуп калат. Көп өтпөй эки жаштын ортосунда сүйүү жанып, кыз-жигит болушат. Бирок Мунардын бир тууган агасы үйлөнмөй болуп, Перини алып качып келип анын айланасында окуя уланат.

"Кызыл жаан" фильми эртең, 7-декабрдан баштап өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан