Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз футболчулары Индонезиянын курама командасы менен кез келип 0:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы мелдеште жеңүүчү аталды.
Беттештеги алгачкы голду 20-мүнөттө Бекжан Сагынбаев киргизди. Ал атаандашынын айып аянтчасында Элдияр Сардарбековдун чыгарып берүүсүн таамай сокку менен жыйынтыктап, эсеп санын ачты.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы аталган мелдештин алкагында 2-ирет жеңишке жетип турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлгөн. Алсак, Монголияны 3:0, Брунейди 4:0 эсебинде утуп алышкан. Жалпы мелдештин алкагында Кыргыз футболчулар 8 гол киргизип, өзүнө гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышты.