Кыргыз мушкери Тилек Машрапов UFC менен келишим түзүү алдында турат

Кыргыз мушкери Тилек Машрапов АКШдагы эң беделдүү мелдеш боюнча UFC уюму менен келишим түзүүнүн алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда "Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Тилек Машрапов АКШ аймагында 2 беттеш өткөрүп жеңишке жетсе, UFC уюму аны менен келишим түзүүгө даяр болгонун билдирген.

"Бул куру сөз эмес, анын далилдөөсү бар. Тилек Машрапов 2 беттеште жеңүүчү аталса, америкалык UFC уюму аны менен келишим түзөт. Машрапов 1 беттеш өткөрүп жеңүүчү болду, ал эми дагы 2-беттеши боюнча кыйынчылыктар болуп жатат. Атаандаштар дал келбей мелдештер жылып кетүүдө. Муну менен бирге 2018-жылга карата дагы бир америкалык беделдүү "Bellator" уюму 4 беттешке келишим түзүүгө сунуш кылып жатат. Бул келишимге биз макул болуп, 4 беттеш өткөргөндөн кийин UFC менен келишим түзөбүз", - деди Мусаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ali-han
2017-12-06 22:06:11
Буйруса UFC ден коруп калат экенбиз да. Ийгилик каалайм Тилек
+12
grace
2017-12-06 22:40:03
ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙМ!
+10
admin_superstan
2017-12-07 09:36:43
grace, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
+1
bekov01
2017-12-07 00:30:05
Азамат! Ийгилик каалайм
+3
admin_superstan
2017-12-07 09:37:33
ekaterinburg, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
0
Azatbek83
2017-12-07 15:44:05
Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан