Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 18 жаштагы бала кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылында адам өлтүрүүгө шектелип 18 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда болжол менен саат 16:30 чамасында Озерное айылында 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылып, анын киши колдуу болгону маалымдалган. Кийин анын өлүмүнө шектелип, 18 жаштагы С.Б. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

"Тергөө иштеринин натыйжасында шектүү кылмышты толук моюнуна алган. Ал каза болгон жаран менен Озерное айылына таксиде чогуу баратып таанышкан. Таксиден түшкөндөн кийин алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып мушташа кетишкен. Шектүү маркумга катуу сокку узатып, ал эсин жоготуп койгонун айткан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагына жеткирилгенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан