6-декабрдан 7-декабрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук мелдеш - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешет.
Күндүн башкы беттеши катары "Реал Мадрид"-"Боруссия" клубдарынын ортосундагы оюн саналат.
"Е" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында "Ливерпуль" командасы 9 упай менен 1-орунда турат. 2-орунда 8 упай менен "Севилья" жайгашса, "Спартак" 6 упай менен 3-орунда жайгашкан. Ал эми 4-орунда 2 упай топтогон "Марибор" командасы турат.
"F" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында "Манчестер Сити" командасы 15 упай менен 1-орунда келүүдө. 2-орунда 9 упай менен "Шахтёр Донецк" жайгашса, 3-орунду 6 упай менен "Наполи" командасы орун алууда. Ал эми 4-орунда упайсыз "Фейеноорд" командасы жайгашкан.
"G" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында "Бешикташ" командасы 11 упай менен 1-орунда. 2-орунда 7 упайга ээ болгон "Порту" жана "РБ Лейпциг" командалары талашууда келе жатат. Ал эми 4-орунда 2 упай ээлеген "Монако" командасы орун алууда.
"H" тайпасында 1-орунда 13 упай топтогон "Тоттенхэм" келүүдө, анын артынан 10 упай топтогон "Реал Мадрид" командасы 2-орунда жайгашкан. "Боруссия Дортмунд" менен "АПОЭЛ" командалары 2 упай менен 3-4-орунду бөлүшүп келүүдө.
Бардык беттештерге Бишкек убактысы боюнча саат 01:45те старт берилет.
"Е" тайпасы:
"Марибор" (Словения) - "Севилья" (Испания);
"Ливерпуль" (Англия) - "Спартак" (Орусия).
"F" тайпасы:
"Шахтёр Донецк" (Украина) - "Манчестер Сити" (Англия);
"Фейеноорд" (Голландия) - "Наполи" (Италия).
"G" тайпасы:
"Монако" (Франция) - "Порту" (Португалия);
"РБ Лейпциг" (Германия) - "Бешикташ" (Түркия).
"H" тайпасы:
"Реал Мадрид" (Испания) - "Боруссия Дортмунд" (Германия);
"Тоттенхэм" (Англия) - "АПОЭЛ" (Кипр).