Жыл ичинде 130 миллион доллар тапкан ырчыны "Forbes" журналы эң кирешелүү музыкант деп атады

"Forbes" журналы өтүп бара жаткан жыл ичинде чыгармачылыгы менен эң көп каражат тапкан музыкантты атады. Бул тууралуу маалымат журналдын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, Дидди деген каймана ат менен таанымал болгон америкалык рэпер Шон Комбс "Forbes" журналынын тандоосу боюнча көрсөткөн кызматы үчүн эң көп акча төлөнгөн музыкант деп аталды. Хип-хоп аткаруучунун бир жылдык кирешеси 130 миллион долларды түзгөн. Экинчи орунду жыл ичинде 105 миллион тапкан Бейонсе ээлесе, үчүнчү орунга ырчы, актёр Дрейк 94 миллион кирешеси менен татыган.

Дидди ноябрь айынын аягында өзүнүн каймана атын өзгөртүп жаткандыгы тууралуу жар салган. "Мен өзгөрдүм, мен мурдагы эмесмин. Эми менин атым Сүйүү же Бир тууган Сүйүү болот", - деп билдирген.

Бала чагында Комбс ачуусу келгенде бышылдай бергендиктен достору тарабынан Пафф деген атка конгон. Мындан улам музыкалык карьерасынын башталышында өзүн Пафф Дэдди (Puff Daddy) деп атаса, кийин Пи Дидди (P.Diddy), андан соң жөн эле Дидди (Diddy) деп жар салган.

Diddy - 'Come To Me'
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2017-12-07 12:20:21
Кочкорбай эн мыкты ат.кыскартып kochu diddy болсо деле болот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан