Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 8-классынын окуучусу С.Д. асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-декабрда өздүк булактар билдирди. Маалым болгондой, С.Д. 5-декабрь күнү үйүнө келбей издөөгө алынган. Бирок 6-декабрь күнү эртең мененки саат 9:30да аталган шаардагы чоң атасынын үйүнүн маңдайындагы газ түтүгүнө асынган абалда табылган.
"Баланын өз жанын кыюуга мектептеги жогорку класстын окуучуларынын акча талап кылуусу түрткү болгон деп жатышат. Бул туура эмес. Бала бир күн мурун атасынын унаасынан анын уруксаты жок 20 сом алып алган. Бирок ал акчага дептер сатып алганын айткан экен. Ошентип 5-декабрь күнү сабакка кетип кайрылып келбегендиктен атасы мугалимдерине, жакындарына телефон чалып издеп баштаган. Ал күнү таппай коюшуп, эртеси эртең менен чоң атасынын үйүнүн маңдайындагы газ түтүгүнө жип байлап муунган абалда табышкан. Ал жерге прокуратура жана милициянын кызматкерлери келди. Бирок ата-энеси соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартып, доо-арызы жоктугун билдирди", - деди өздүк булак.
Маркум окуучунун сөөгү бүгүн жерге берилет. Ал үйдүн улуу баласы болгон.