Чемпиондор Лигасы: Плей-оффко чыккан бардык командалар белгилүү болду

7-декабрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык 6-турдук оюндары жыйынтыкталып, жарым чейрекке чыккан командалар белгилүү болду.

Е тайпасынан чыккан командалар: "Ливерпуль" жана "Севилья"

Англиялык "Ливерпуль" үчүн акыркы турда утулуп калбоосу жетиштүү болчу. Анда "Энфилд Роуд" стадионуна москвалык "Спартак" конокко келди. Орусиянын клубу бул түндү эртерээк эсинен чыгаруусу зарыл. Себеби Клопптун шакирттери "Спартактын" таш талканын чыгарышты. Коутиньо, Сане, Салах жана Фирмино эки клубдун ортосундагы деңгээлди көрсөтүп, Селиховдун дарбазасына жоопсуз жети гол киргизишти. Бул жеңилүү орусиялык клубдардын еврокубок алкагындагы эң ызалуусу болгону менен "Спартак" тайпада 3-орунда калып Европа Лигасында ойноого мүмкүнчүлүк алды. Тайпанын экинчи оюнунда "Севилья" "Мариборго" конокко барып, 1:1 эсебинде тең чыкты.

F тайпасы: "Манчестер Сити" жана "Шахтёр"

Пеп Гвардиоланын футболчулары быйылкы сезондо алгачкы ирет жеңилүү ызасын тартышты. Болгондо дагы Чемпиондор Лигасында. Тайпадан чыгуу маселесин эбак чечип койгон "МС" конокто "Шахтёр" менен кез келип, негизги курам менен ойногон жок. Ал эми үй ээлери үчүн жеңиш абадай керек болуп турган. Жыйынтыгында Бернард менен Исмаилинин голдору менен украиналык клуб жеңишке жетип, "Наполини" Европа Лигасына узатты. Италиялык команда "Фейеноорд" менен кыл чайнашкан беттеште 1:2 эсебинде утулуп калды. Эми "Наполи" үчүн Европа Лигасы маанилүү болобу же А Сериясында "Ювентусту" артка калтыруубу, убакыт көрсөтөт.

G тайпасы: "Бешикташ" жана "Порту"

Бул Чемпиондор Лигасынын эң кызыктуу оюндары менен эсте калган тайпа дал ушул болду. 4 команда тең бири-биринен кем калышпаган курамга ээ жана күчтөрү боюнча да бирдей болуп турду. Төрт клубдун арасынан Түркиянын клубу "Бешикташ" мыктылыгын көрсөттү. Акыркы турдук оюнда РБ "Лейпциг" клубуна конокко барганына карабай 3 упайга ээ болуп, 14 упай менен тайпада 1-орунду камсыздады. Ал эми 2-орун үчүн талашты "Порту" утту. Быйылкы сезондо өзүнө келе албай жаткан "Монако" конокто португалиялык клубга эч нерсе көрсөтө алган жок. Фалькао жана анын командасы 2:5 эсебинде утулуп, еврокубок менен кош айтышты.

Н тайпасы: "Тоттенхэм" жана "Реал Мадрид"

Учурдагы Чемпиондор Лигасынын ээси мадриддик "Реал" тайпада экинчи орунду алып калды. Буга лондондук "Тоттенхэмдин" жеңиштери башкы себеп болду. Акыркы турдук оюнда англиялык клуб өз үйүндө "Апоэлди" 3:0 эсебинде жеңип, 16 упайга ээ болду. Кейн баштаган команда ушундай таризде оюнун улантса бул Чемпиондор Лигасында узакка бара алышчудай. Ал эми экинчи оюнда "Реал" өз үйүндө дортмунддук "Боруссия" менен тирешип, күйөрмандар үчүн кызыктуу оюн көрсөтүштү. Анда Лукас Васкестин 81-мүнөтүндөгү жеңиштүү голу менен 3:2 эсебинде утуп, 3 упай алышты. Ал эми Петер Босстун "Боруссиясы" күйөрмандарынын ишеничин актабай, эми Европа лигасында өнөрүн көргөзөт.

Айта кетсек, буга чейин "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттештери орун алып, анда жарым чейрекке чыккан командалар белгилүү болгон болчу.

Ливерпуль - Спартак. Чемпиондор Лигасы 6-тур
Шахтер - Манчестер Сити. Чемпиондор Лигасы 6-тур
Реал Мадрид - Боруссия Д. Чемпиондор Лигасы 6-тур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Dembele84
2017-12-07 10:13:05
Возможные соперники 1/8 финала:
1)Ман Юнайтед-Бавария
2)Барселона-Челси
3)Ман Сити-Реал
4)ПСЖ-Ювентус
5)Ливерпуль-Шахтер
6)Тотенхэм-Порту
7)Рома-Севилья
8)Бешикташ-Базель
Кызыктын баары ушундай болмок да ))))
+3
Bakulya97
2017-12-07 19:46:35
Dembele84,сен денгелиге карап болуштуруп койупсуно
0
Dembele84
2017-12-07 21:56:34
Bakulya97,Ушундай болуп калса тытышып жатып калат эле деген ой,а так кандай болоорун жакында жеребьевкадан коробуз!
0
dair_17
2017-12-07 10:18:33
Ювентус чемпион болот
-3
Azat.97
2017-12-07 10:24:42
Реал чемпион!!!
+3
Mirlanbek1405
2017-12-07 10:28:42
Ливерпуль Алга!!!Абдан соонун ойношту.
+1
nemo2016
2017-12-07 11:37:30
Реал Мадрид эсалсын Эми кечке эле жене берсе футболдун кызыгы калабы
-7
Rasul94
2017-12-07 12:04:44
Реал женишин каалайм.финал псж менен болсун дуйно эли коруп суктанышсын
+2
Tyty1990
2017-12-07 12:28:11
Реал утат буйруса.
+1
Barclays_CR7
2017-12-07 12:42:47
Манчестер Юнайтед алга
0
FCBMESSI
2017-12-07 15:21:16
Финалда Барса менен Сити
-2
juma11anara
2017-12-07 16:31:45
Челси чемпион
-2
Bakulya97
2017-12-07 20:05:15
Ангиядан5 испаниядан3 германиядан1 италиядан2 франциядан1 чыгыптыр.Ангиля чемпиондор лигасыда алсыз еле былтыркы жылдары ал еми быйылкы жылы ото кучтуу кетиштат
0
madrid7000
2017-12-07 21:50:11
8/1ПСЖ Ман сити болсо экен
-1
Dembele84
2017-12-07 21:54:54
madrid7000,Тушпойт алар бири бирине,экоо тен группадан бирде чыккан,булар именно Мадридди кутуп туратго чиркин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан