Бишкекте Абсамат Масалиевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 9-10-декабрь аралыгында алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналат. Анда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан жана Казакстан, Тажикстандан спортчулар келип байгелүү орундар үчүн күч сынашат.

Мелдеште эркектер арасында 4 салмак категорияда (70, 80, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогору салмак категориялар) жана кыз-келиндер арасында 3 салмак категорияда (65, 70 килограммга чейинки жана 75 килограммдан жогору салмак категорияларда) медалдар ойнотулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан