Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бишкек шаарында Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратова билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мелдеш кечээ, 6-декабрда старт алган. Мелдеш Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын жана Түркиянын спортчуларынын катышуусунда өтүүдө. Беттештер эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, байгелүү орундар үчүн 120 спортчу күч сынашууда. Иш-чара 10-декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан