Ноокатта 15 жашар окуучу кыз ай-күнүнө жетпей өлүү ымыркай төрөдү

Ош облусунун Ноокат районунда орто мектептин 10-классынын кош бойлуу окуучусу ымыркайын 6 айлык өлүү кылып төрөдү. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Бул окуя 2017-жылдын 1-декабрында болуп Ош ОИИБине 4-декабрда билдирүү келип түшкөн. Учурда окуучу кыз Ноокат районундагы төрөтканалардын биринде, абалы жакшы. Кыздын боюнда болуп калуусу жана баланын өлүү төрөлүүсү туурасында тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет бүгүн SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз 2002-жылы туулган К. кызы Г. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон, ата-энеси Орусияда мигрант экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
akonia
2017-12-07 12:36:52
Кызды кимге таштаган ошолор кичине контроль кылыш керек эле да ата энеси жыргаганынан кетпегендир
+10
Asman...
2017-12-07 12:40:44
Байкуш кыз ата энеси орусияда болсо,балким,бироо зордоп койгондур. Иликтеп куноолуу жазасын алсын!!! Эххх, кор тириликтин айынан канчалаган ата-энелер мигрант болуп журушот, балдарына татыктуу тарбия бере албай.
+19
Adiletia
2017-12-07 15:15:23
ХХХХ ажы эмне болду?Дымы чыкпай калдыго чукенин
-7
kechirmeni
2017-12-07 12:41:45
Чондорубуз ичпей жебей эл учун кам коруп иштегенде мамлекетибиз кыйналбайт эле жана чет олкого кетишпейт эле. Эми мына козомолдун жоктугунан балдарга зыяны тийип атат. Ошол ата эне ушул жерде иштеп кызына жакшы тарбия берип козомолдогондо мындай иш болбойт беле, аттин жаман иш болуптур
+8
unhappy
2017-12-07 12:44:55
Ээх жокчулуктун айынан, ата-энеси тентип, бала-чакамы багам деп журсо, мынтип кызы тарбия эне мээримине жетпей тагдыры талкаланып журот. Ата-эне болгондон кийин, оз милдеттерин так аткарышса, тууп койдум чоноё берет дегенсип таштап койбой.Аллахтан коркуу, же динден тушунук болгондо, пендечилик парздарыбвзды билгенде мындай корунуштор жат болмок!!!
+9
Sagyn.91
2017-12-07 12:49:58
Бойго жеткен кызга татыктуу тарбиянын жетишсиздиги да себеп болду.
+5
nurhan2702
2017-12-07 12:50:18
Ой ата - энесинин мандайында отуруп деле тороп койгондор болуп эле журот. Тообо азыр бироону соз кылгандан деле коркосун
+9
kanysh
2017-12-07 13:37:03
Кызга эле айып койбостон боюна болтурган адамды деле айыптагыла. Уул балдарга дагы, кыздарга дагы ынсап берсин. Балдарыбызды татыктуу тарбиялайлы.
+8
Karban86
2017-12-07 13:52:08
Мамилелери ошончолук даражага барганына кызда куноо! Эненси же таениси чыгарбай койсо аларга да бир онорун коргозсо керек да. Эгерде бала да мектеп окуучусу болсо катуу жаза бериш керек.
0
mira28
2017-12-07 14:36:47
Karban 18ге чыга баланын тарбиясына ата эне куноолуу.Татыктуу тарбия берген эмес.Ар баланын оз ырыскысы бар деп торойт да таштап кобп турмуш тиричилике шылтоолоп 10жылдап талаалап кетишет.Кызда куноо жок аны контролго албаган ата энеде куноо.Кайсы жерде болбосун 18жашка чейин балдар ата энеси менен бирге болушу керек.Таттуу балалыктан айрып жатабыз балдарды.
0
Karban86
2017-12-07 15:47:45
mira28,азыр билесиз ата энелер кобу Россияда. Ата энеси ичип жургон семьяларды да коргом уул кыздары жакшы мээнет кеч тирилике тын эле журушот. Адамдын озунон болот.
+3
islamik
2017-12-07 14:32:06
Тообо кылайлы антип жамандавай. Кимден эмне болуп боюнда болгонун тийиштуу адамдар изилдеп анан айтат, бул жерде ба бийликти куноолой бервейли. Бирок жаш кыз экен тагдырын талкалап эмне кереги бар эле.
+3
Omuur94
2017-12-07 15:12:45
Жаштык - мастык!
Жакшы иш болбоптур.
+1
nur72
2017-12-07 17:00:34
Байкуш мигранттардын келечеги эмне болот бул койгойду жалпы мамлекеттик денгээлде караш керек
+4
anyay
2017-12-08 13:54:26
nur72, ким карайт? өзүбүз ошого жол берип атабыз, эл жакшы болсо эр азамат кантип жок болсун?
0
akaichik
2017-12-07 17:20:40
Ата-энесинин жоктугунан пайдаланып талкалаган экен байкуш кызды. Бирок убакыттын өтүшү менен буга окшогон окуялар жаңылык деле болбой калчудай. Күн санап көбөйүп жатат.
+7
admin_superstan
2017-12-08 10:35:39
Adiletia, темадан алыс, провокация жараткан, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-12-08 10:36:22
nematovich.90, Nazaroff1974, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
anyay
2017-12-08 13:49:20
Чоңдорубуз, өзүбүз күнөөлүүбүз. Белгисиз маршрут....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан