YouTube бир жыл ичинде эң популярдуу болгон видеолордун тизмесин аныктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жыл башынан бери YouTube'дан эң көп көрүлгөн видеороликтер:
1. Жылдын эң мыкты видеоролиги деп Таиланддын "The Mask Singer" сынагынын катышуучусунун ролиги аталды. Ал көрүүчүлөрдү жана калыстар тобунун гана купулуна толбостон, интернет колдонуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Аталган ролик 182 миллион жолу каралган.
2. Экинчи орунду Лос-Анжелестин бийчилери ээлеген. Алар Эд Ширанын "Shape Of You" ырына мыкты бийди тартуулашкан. Бул видеону 119 миллион адам көргөн. Роликтин алдына колдонуучулар видеону көрүп өздөрү да бийлеп жиберишкенин жазышкан.
3. Ал эми үчүнчү орунду пинг-понг оюнуна арналган топтор менен ар кандай трюктарды жасаган жигиттин видеосу ээлеген. Эч кандай өзгөчөлүгү жоктой көрүнгөнү менен ал 93 миллион жолу көрүлгөн.
Ал эми 2017-жылда популярдуулукка жетишип эң көп көрүлгөн жана кызуу талкуу жараткан видеоклиптер төмөндөгүлөр:
1. Дүйнөлүк видеоклиптердин арасынан бул жылы талашсыз лидер деп Луис Фонси жана Дэдди Янкинин "Despacito" ырына тартылган видеоклип аталды. Азыркы убакка чейин бул клипти 4,5 миллиард адам көргөн, эң кызыгы көрүүчүлөрдүн саны күн санап эмес, саат сайын өскөндүгү белгиленген.
2. Экинчи орунду 2,5 миллиард жолу көрүлгөн Эд Ширанын "Shape Of You" ырына тартылган клиби алган.
3. Жылдын эң популярдуу видеоклиптеринин үчүнчү сабында Жей Балвин жана Вилли Вилльямдын "Mi Gente" клиби жайгашкан. Аталган видеоклип 1,3 миллиард жолу көрүлгөн.