Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамы "Tsunami Cup-2017" мелдешин жеңип, 50 миң доллар байгеге ээ болду.
Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы аталган мелдеште 1-орунду ээлеп, Кубокту жана 50 миң доллар акчалай сыйлык алышкан. Андан тышкары Кадырбек Шаарбеков мелдештин алкагында 3 гол киргизип мыкты бомбардири болуп, Антон Землянухин мелдештин мыкты оюнчусу аталып 2,5 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Айта кетсек, Кыргыз спортчулары жалпы 3 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен. Алгачкы беттеште Кыргыз футболчулары Монголия курамасын 3:0 эсеби менен, Бруней курамасын 4:0 эсеби менен, ал эми жыйынтыктоочу беттеште Индонезия курамасын 1:0 эсеби менен уткан.
Айта кетсек, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышкан.