Бишкекте мас абалында милиция кызматкерлеринин унаасын сүзүп, алар менен чатакташкандарга кылмыш иши козголду

Бишкекте мас абалында ИИМдин кызматтык унаасын сүзүп милиция кызматкерлери менен чатакташкан айдоочуга жана анын 3 жүргүнчүсүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, 6-декабрда саат 17:15тер чамасында ИИМдин атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери бара жаткан унаа менен Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгы катталган.

"Милиция кызматкерлери кызматтык унаасы менен сигналдарын иштетип Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнө чыгып жатышканда Mazda Аtenza үлгүсүндөгү унаа келип сүзүп алган. Анын ичинде 4 адам болгон. Жол кырсыгы болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери чакырылган. Алар келип окуянын чоо-жайын териштирип жатышканда жүргүнчүлөр чатак чыгарышып, жол кырсыгына кабылган милиция кызматкерлеринин унаасынын видеорегистраторун талкалашып, эс-тутум картасын алып алышкан.

Кийин эки айдоочу жана Mazda Аtenza үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү алкоголдук ичимдик колдонгонуна карата текшерүүдөн өтүшкөн. Натыйжада Mazda Аtenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү жол кырсыгы болгон учурда мас абалында болушкандыгы белгилүү болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары учурда коомдук тартипти бузган 4 жаранга 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгонун кабарлашты.

Ошондой эле учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, эки унаа тең айып аянтчасына коюлганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
RusMos76
2017-12-07 17:00:22
Эмнеге бир эле статья бейбаштык. Бийлик окулдоруно корсоткон ведеорегистраторун сындырганына озунчо статья эле го.
+1
Nibiru.
2017-12-07 23:35:11
RusMos76,ал жерде ар кандай часть,пунктары да болот. Бейбаштык менен мулкко зыян келтируу дегендей.
0
Michelangelo
2017-12-07 18:03:51
Ишене албадым, сындырып, флешкасын алып койгонуна..
0
Kyrgyz06
2017-12-07 19:17:04
ишенсек болот азыркы учурда милицияны тоготушпайт коруп жатпайлыбы согуп салышат кол которуп да жатышат,премьер ушул жагын да караш керек реформа кылам десе тартип болуш керек да законго бардыгы баш ийиш керек.
+1
Ali80
2017-12-07 19:27:55
Видеону корсонор , жол эрежени милиция бузган, эч кандай атайын сигналдарын иштеткен эмес, айдоочу деле соо болчу, жургунчулор мас болчу ментерди согушкон анысы чын, калганы калп. Соксо эле камаш керекпи, милициялар эле согунбой тартиптуу болгонсуп, бир жургунчуну сабаганы да бар видеодо
0
Nurmat92
2017-12-07 22:55:07
Супер инфо ошолорду тарткан видео барбы болсо жүктөп койгулачы
0
Kemel29101981
2017-12-08 02:13:47
Менттер оздору кунолуу болуш керек. Регистратор менен флешкасын оздору бекитип коюшкан, нарушение кылганын жашыруу учун. Анткени эч кандай спецсигналды жандырган эмес.
0
Ali80
2017-12-08 08:24:11
Балээнин баарын кылган ментер озу, озун биринчи мыйзам бузба, анан башкалардан талап кыл.
0
amirrus
2017-12-08 09:53:27
Однодо журот менттер кылган 2ной сплаш.линиядан бурулуп маздадагы регистраторду талашып менттер алды кылмышын жашыруу максатына.Беспредел болтат карагыла прокуратура кызмат абалынан пайдаланып жатат оздору куноолу болсо да.За рулем келген соо эле жанындагылар мас экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан