Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы №5 көмүр казуу шахтасында Жээнбек К. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында 1993-жылы туулган Жээнбек К. белине кур (трос) байлап алып шахтага түшүп бара жаткан учурда куру үзүлүп, 15 метр бийиктиктен түшүп кетип каза болгон. Маркумду шахтадан агасы алып чыгып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген.
Учурда каза болгон жарандын сөөгү Кызыл-Кыя шаардык өлүк сактоочу жайында.