Кадамжай районунда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып эки адам көз жумду. Кырсык бүгүн, 7-декабрда саат 13:50дө болгон. Окуя Кадамжай-Бүргөндү жолундагы Халмион айылында катталып Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа менен Дэу Тико унаасы сүзүшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаалар сүзүшкөндө эки адам катуу жаракатынан улам ошол жерден каза болушкан. Алардан тышкары үч адам ооруканага жеткирилгенин кырсык болгон жердеги ыкчам топтун кызматкерлери билдиришкен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн аты-жөндөрү такталууда.