Кыргыз мушкер Алексей Федосеев Польшада өтө турган кикбоксинг боюнча "JSF Kickboxing Challenge-12" мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын кикбоксинг федерациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мелдеш Варшава шаарында 9-декабрда өтөт. Жалпы мелдештин алкагында 7 беттеш орун алат. Кыргыз өлкөсүнүн атынан Алексей Федосеев 65 килограммга чейинки салмак ченинде катышып беларустук Мурат Азербиев менен беттешет.