Орусиянын Самара облусунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. Анда Урал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен окуя болгон жерден Volvo'нун айдоочусу жана ичиндеги бир жүргүнчү жан берген. Ал эми эки жүргүнчү жана 4 жаштагы бала "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.
Айрым маалымат каражаттары, Volvo'нун ичиндегилердин баары Кыргыз жарандары экенин жазышууда.