Элчилик: "Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгына кабылгандар Кыргыз жарандары болушкан"

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Самара облусунда жол кырсыгына кабылгандар Кыргыз жарандары экенин SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, кырсык болгон жерде эки Кыргыз жараны жан берип, дагы үч Кыргыз жараны ооруканага жеткирилген.

"Сөөктү өлүк сактоочу жайдан алып чыгуу үчүн тиешелүү документтер толтурулуп, эртең тапшырылат", - деди Байымбетова.

Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн, 7-декабрь күнү эртең менен болгон. Анда Урал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен окуя болгон жерде Volvo'нун айдоочусу жана ичиндеги бир жүргүнчү жан берген. Ал эми эки жүргүнчү жана 4 жаштагы бала "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Volvo'нун ичиндегилердин баары Кыргыз жарандары экени айтылып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dastanwanted
2017-12-07 23:48:47
Кыргызым кырылып бутмой болдук ко. Ар кимдин бетинен кор окатын айынан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан