Криштиану Роналду бешинчи ирет "Алтын топтун" ээси болду

Португалия футбол курамасынын жана испаниялык "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду "Алтын топту" бешинчи ирет жеңип алды. Бул тууралуу аталган сыйлыкты ыйгарган France Football журналы Twitter социалдык тармагындагы баракчасына 7-декабрда жазды. "Алтын топ" сыйлыгы жыл сайын дүйнөнүн эң мыкты футболчусу аталган спортчуга ыйгарылып келет.

"2017-жылдын мыкты футболчусу" наамына жалпы 30 оюнчу ат салышып келген. Роналдунун жараткан ийгиликтерине таянсак, ал Испания чемпиондугунун 2016-2017-жылкы сезондорунда чемпион, Чемпиондор Лигасында жеңүүчү, дүйнөлүк клубдар чемпиондугунда да жеңүүчү, ошондой эле УЕФА жана Испания Суперкубогунун ээси болуп табылган. Криштиану Чемпиондор Лигасында жалпы 13 оюндун ичинен 12 жолу гол киргизип, мыкты аталган. Буга чейин ал ушул жылы Эл аралык футбол федерациясы чыгарган жыйынтык боюнча УЕФАнын версиясы менен "Мыкты футболчу" наамын да жеңген.

"Алтын топту" Роналду бешинчи ирет жеңиши. Ал буга чейин бул сыйлыкты 2008, 2013, 2014, 2016-жылдары жеңген. Муну менен ал "Барселонанын" чабуулчусу, 30 жаштагы Лионель Мессинин жеңген "Алтын топторунун" санына жетти. Белгилей кетсек, Месси бул сыйлыкты 2009, 2010, 2011, 2012, 2015-жылдары багындырган.

France Football "Алтын топ" сыйлыгын мыкты футболчуларга 1956-жылдан бери ыйгарып келет. 2010-жылдан бери өз добушун ФИФАнын тандоолору менен бириктирүүнү чечкен. 6 жыл катары менен лауреаттар ФИФАнын "Алтын тобуна" ээ болуп келишсе, 2016-жылы эл аралык федерация муну өз алдынча ыйгарууну чечкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Asman...
2017-12-08 07:27:24
Куттуктайм.
+7
Azat.97
2017-12-08 07:30:34
CR7 сыйлык кут болсун!
+6
expert.007
2017-12-08 08:48:57
Оо куттуктайбыз
+5
Rasul94
2017-12-08 09:09:41
Роналду 21-кылымдын эн мыкты оюнчусу.сыйлыгы кут болсун
+5
Asman...
2017-12-08 10:28:54
Тообо неге минус басып жатасынар?
+4
karakulja
2017-12-08 12:27:50
2017-жыл Криштик экообузго момолуу жыл болду го буйруса.
+3
Rasul94
2017-12-08 13:27:08
karakulja,болсун болсун.иншаллах
+6
talas0707
2017-12-08 14:17:45
роналду месси ден башка футболчулар жокпу.
-3
odin-takoy
2017-12-08 16:06:17
Мессиге ээми жетиптирда
-5
Tyty1990
2017-12-08 18:36:38
Азамат
+5
Gumu007
2017-12-08 20:57:59
Роналдо баарыбир кучтуууу
+4
Asensio
2017-12-10 17:20:57
Пппффф 32 жашында кана 5 -Алтын топ-... жада калса бул Рондун 100% эмгеги эмес ашып кетсе 40-50% эле эмгеги бар калгандары командасы Реал Мадриддин эмгеги!Месси азыр 30 кана жашта 32 ге чейин 7 -Алтын топ- алат буюрса!!!
-3
Bakulya97
2017-12-13 19:15:31
Asensio,99% емгек 1% талант .
0
Nurbek.kyzy
2017-12-11 18:36:47
Самый лучший Криштиану РОНАЛДУ
+1
Bakulya97
2017-12-13 19:16:07
Роналдуга ийгилик
0
rohi
2018-02-01 11:59:10
ooo kyttyktaim
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан