ЖЫЛНААМА, 8-ДЕКАБРЬ: Бүгүн Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү

Бүгүн, 8-декабрь Кыргыз Республикасынын Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү.

1958-жылы 194 метр бийиктиктеги телемунарасы менен Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Телеканалдын статусу мамлекеттик, улуттук, кийин коомдук болуп өзгөргөн. Аталган кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн №566-токтомуна ылайык бекитилген.

Ал эми 1931-жылы өлкөдө Радио уктуруу боюнча республикалык комитет түзүлгөн. Ошол эле жылдын 19-декабрында алгачкы радиоберүү обого чыккан. Башында радиодогу берүүлөр кыргыз, орус жана дунган тилинде чыгып турган.

Кыргыз радиосунун алгачкы кызматкерлери - акын жана комузчу Калык Акиев, музыкант Пётр Шубин, дикторлору - белгилүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова, Кыргыз Эл артисти Алиман Жангорозова, жазуучу Касымалы Бектенов болгон.

8-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан