Казакстандык продюсер Баян Максат кызы турмушка чыкты

Казакстандык белгилүү продюсер Баян Максат кызы (Есентаева) турмушка чыкты. Бул тууралуу ал жеке баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады.

Баян Максат кызы интернетке сүйүктүүсү Турсенгали Алагузов менен кыскача видеосун жарыялап, алдына Алагузова Баян Максатовна деген билдирүүсүн калтырган. Белгилүү продюсердин бул жарыясынын алдына көптөгөн интернет колдонуучулар билдирүүлөрүн жазышып, түгөйлөргө бакыт каалашкан.

Көп өтпөй түгөйлөр баш кошушканын Турсенгали Алагузов өзү жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктап, сүйүктүүсү анын фамилиясын алганын кабарлаган. Ошондой эле ал үйлөнүү үлпөт тою кийин боло тургандыгын билдирген. Түгөйлөр ушул жылдын жаз мезгилинде эле баш кошууну көздөп жүрүшкөн. Бирок Алагузов биринчи жубайы Ляйсира Алагузова менен ажырашуу боюнча документтери толук бүтө электигине байланыштуу кийинкиге калтырылган.

Эске салсак, буга чейин Баян Максат кызы жакында турмушка чыга тургандыгын жарыялаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
datkayimjan
2017-12-08 08:59:16
Куйоого тийген сайын эле фамилиясын озгорто бербей озунун фамилиясында журо бербейби. Кокустан бул куйоосу менен дагы ажырашып кетсе,дагы алмаштырганга туура келет.
+13
maks94.kb
2017-12-08 09:16:23
Абдан обу жок аял болду го Баян Алагузова
+12
Alibay
2017-12-08 09:27:54
Эсентаева,Максат кызы,Алагузова кийинку кезекте ким экен эми))
+11
omurbek1990
2017-12-08 09:42:59
Фигурасы зынк экен бирок.
+5
qwert
2017-12-08 09:56:50
Бул биринчи куйоосу мн жон ажырашкан эмес козуно чоп салган бул болбосо ошончо уруп бычактамак беле бул XXXX.
+9
zhanka1234
2017-12-08 11:00:39
Анжелика куттуктап чыккан, ошондон кордум турмушка чыкканын :)
+1
Ferdews
2017-12-08 11:21:20
За то койногу сонун экен))
+1
Ymanbekov
2017-12-08 11:46:53
Казакстандын Анжеликасы))
+7
futboler
2017-12-08 11:50:24
Баяндын баяны бүтпөдү го
+7
karakulja
2017-12-08 12:25:43
Буйруса кийинки фамилиясы Назарбаева Баян окумдар
+4
Ma9
2017-12-08 13:38:02
мурдагы куйосу Бекер урган эместа
+5
amirrus
2017-12-08 21:05:51
1 эрден чыкканда адашты дейт
2 эрден чыкканда алмашты дейт
3 эрден чыкканда ХХ ХХХХХХХ...
0
taalay25
2017-12-09 10:09:54
Ар бир адам бактылуу болгонго акылуу! Кудай баарына озу тараза. Мезгили менен баарын оз ордуна коёт
+1
bakulya2015
2017-12-09 11:51:30
Бактылуу болсун. Аллахтын буйруганыда. Адашпаган инсан болбос. Бул ирет суйуунуз туруктуу жана эки дуйно ыйманы менен болсун!
0
admin_superstan
2017-12-11 10:30:26
Nibiru., кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан