Биринчи Май райондук сотунда депутат Канат Исаевдин 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деген айыптын негизиндеги соттук иши каралуусу керек эле. Бирок сот ишти 11-декабрда кароону чечти.
Буга Исаевдин бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык сотто "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелеринин негизиндеги кылмыш иши боюнча жактоочуларынын апелляциялык арызы каралып жатканы түрткү болду. Мындан улам Исаев райондук сотко алынып келген жок.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта, тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
2-октябрда Биринчи Май райондук соту Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. 16-октябрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда башка коргоо чарасын кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган. Анын жактоочулары райондук соттун бул чечимине макул болбой шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрадан кайрылышкан.