Атай Өмүрзаков "Asia's Got Talent" сынагынын финалында "Адэм" бий тобун колдоого чакырды

Бийчи Атай Өмүрзаков өзү жетектеген "Адэм" бий тобун "Asia`s Got Talent" сынагынын финалында колдоого чакырды.

Бийчи интернеттеги жеке баракчасына: "Ошентип "Адэм" бий тобу "Asia`s Got Talent" сынагынын финалында калыстар тобу жана көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эми бул теледолбоордо жеңүүчү болуп, Азиянын мыкты таланттары аталыш үчүн сиздердин жардамыңыздар керек. Ал үчүн добуш бериңиз. Күн сайын шилтеме аркылуу кирип 10 добуш берсеңиз болот. Добуш берүү алты күн жүрөт", - деп добуш берүү үчүн https://g.co/kgs/t7bwSn ушул даректи жазган.

Эскерте кетсек, Кыргыздын "Адэм" бий тобу сынакта алгач "алтын баскычка" ээ болгон. Андан соң көрүүчүлөрдүн добушунун көбүнө ээ болуп финалга жолдомо алышкан.

Asia Got Talent - Борбордук Азиядагы ырчы, бийчи, иллюзионист жана башка өнөрлүү адамдар арасында жаш куракты ылгабай өткөрүлгөн сынак. Аталган шоу 2015-жылдын 12-мартынан баштап Азия өлкөлөрүндө көрсөтүлө баштаган. Анда атаандаштар 100 миң доллар өлчөмүндөгү байгеге ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ermekbai
2017-12-08 15:25:09
Добуш берүү үчүн кайсы дарекке киребиз супер инфо
+4
кыргыз Алик
2017-12-08 15:46:12
Ermekbai,https://www.google.com.sg/search?vs=AXNAGT,20171208live&vshl=ru&gl=sg&kgs=f180a1d94c83464a&q=asia's+got+talent+vote&shndl=5&source=sh/x/vt&entrypoint=sh/x/vt
0
Ermekbai
2017-12-08 16:17:50
кыргыз Алик, рахмат таптым
0
admin_superstan
2017-12-08 15:53:24
Ermekbai, саламатсызбы! Кабарда жазылган дарекке киресиз.
0
nurka_85
2017-12-08 15:56:33
Ссылкасын койсонор оной болмок экен.
Ийгилик!!! Жагымдуу кабар кутуп калабыз.
+1
Ermekbai
2017-12-08 16:11:36
Кире албай жатам ссылкасын койгулачы
+1
tatum67
2017-12-08 16:31:58
тексттин ичиндеги ссылканы копи паст кылып киргиле,Гуглдан "Адэм" деп биринчи чыгып калат ошону бассаңар 0 дон 10 чыгат капталында ошону баскыла, бир кундө 10 добуш берсе болот
0
RUSLAN.KG
2017-12-08 17:08:03
Добуш бердим. 10 балл.
Колдон келишинче, убакыт бөлүп, мал-маалы менен сайтка кирип добуш берип турам.
Колдойлу биздин азаматтарды!
+2
chyrok
2017-12-08 18:31:38
Женишке жетишинерге тилектешпиз
+2
arzygulR
2017-12-11 03:42:42
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан