Казак ырчысы Ерке Есмаханды сотко беришти

Казакстандын Алматыдагы мамлекеттик транспорт департаменти шоу-бизнес өкүлдөрүн транспорт салыгын төлөбөгөндүгү үчүн сотко берди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, салык төлөбөгөн деп шоу-бизнес өкүлдөрү Айдар Ернар, Ерке Есмахан, Женис Искакова жана Рано Умарованы сотко беришкен.

“Жылдыздар жалпы 400 миң теңгеден ашуун салык төлөшкөн эмес. Айдар Ернар - 205,1 миң теңге, Рано Умарова – 88,8 миң теңге, Женис Искакова – 72,2 миң теңге, Ерке Есмахан 41,1 миң теңге төлөшү зарыл. Бул жарандарга тийиштүү материалдар чогултулуп, сот органдарына берилди. Алар карыздарды өндүрүп алуу үчүн чечим чыгарышат”, - деп билдиришкен департаменттен.

Департаменттин маалыматы боюнча, транспорт салыгы боюнча Алматы шаарынын 90 миң тургунунун 4,2 миллиард теңге карызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dasta
2017-12-08 17:17:24
Есма налогун толосо толобосо биз ге кандай кызыкчылыгы бар деймда. Андан коро кызыктуу макалалардан жуктосонор
+10
islamik
2017-12-08 17:21:24
dasta, кызыктырбаса неге кирип атайы
окуп коммент жазыватасын
0
Alinur96kg
2017-12-08 22:33:36
islamik,Ал да оз ойун жазыВатат да.
+1
modem4999
2017-12-08 17:56:46
Коп деле акча эмес экен толоор эми
+8
Karban86
2017-12-08 21:00:53
Бер да чалды какшатпай
+6
Rusi79
2017-12-08 21:19:59
Биздин"жылдыздар"да толош керек,лицензия системасын киргизиш керек а то бардак болуп кетти
+3
Nanei
2017-12-09 17:25:57
41 мин тенге биздин сом менен 15минге жетпейт
0
Uluukyrgyz01
2017-12-09 21:09:23
Nanei,8500мин болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан