2018-жылы Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз мамлекети спорттун эки түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов Түштүк Кореянын Кыргыз жериндеги элчиси Жоң Бёң-ху жана консулу Ю Мёң-су менен жолугушуу учурунда айтты.
Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аманкулов жолугушууда Олимпиада оюндарына катыша турган тоо лыжасы боюнча спортчулар Швейцария менен Австрияда, биатлон боюнча Орусияда машыгуудан өтүп жатышканын айтты.
XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар 2018-жылдын 9-25-февралында Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт.