Москвада Орус жараны кыргыз кызын унаасы менен сүзүп кетип ал комада жатат. Жакындары "полиция күнөөлүүнү коргоп жатат" дешүүдө

Москва шаарында Орус жараны мындан 11 күн мурун Кыргыз жараны Гүлбарчын Дооранованы унаасы менен сүзүп кетип, ал эс-учу жок абалда ооруканада жатат. Окуянын чоо-жайын өзүн жол кырсыгынан жабыркаган кыздын эжесимин деп тааныштырган Чынара Дооранова бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG'ге айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, 39 жаштагы Гүлбарчын Москва шаарында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөн. 27-ноябрда жумуштан чыгып келе жатканда жолдон аны унаа сүзүп кеткен. Кырсыктан анын жамбашы, кабыргалары сынып, ички органдары да катуу жапа чеккен.

"27-ноябрда жумушунан чыгып жөө адамдар өткөн өтмөктөн өтүп бара жатканда аны унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Окуя ошол жердеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Видеодо айдоочу сүзүп кеткенден кийин токтоп сиңдимдин кыймылсыз жатканын көрүп, кайра унаасына отуруп кетип калганы көрүнөт. Кийин ал Орус жараны экени белгилүү болду. Ал табылып, баары видеодо көрүнүп турса деле прокуратурадан ишти карабай жатышат. Окуя болгондон кийин да бизге арыз жазбай эле койгула деп жаздырбай 2-3 күндөн кийин туугандар кеңешип барып, алар менен чатакташып жатып арыз жазып келишти. Арыз жазганы барышканда да биздин туугандардын көзүнчө эле сүзүп кеткен айдоочуга "аракетиңди кыл, тигилер арыз жазышты" деп телефон чалышыптыр", - дейт жабырлануучунун эжеси.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Гүлбарчын Доорановага 2 жолу операция жасалган. Анын абалы оор болгондуктан дагы бир операция жасалышы керек экенин дарыгерлер айтышкан.

"Сүзүп кеткен Орус жараны оорукананын чыгымын көтөрмөк тургай бир жолу да сиңдимдин абалын сурап койгон жок. Аны менен сүйлөшөлү десек, тергөөчү жолуктурбай жатат. Учурда оорукананын чыгымдарын эптеп көтөрүп жатабыз, сүзүп кеткен адам жазага тартылбаса койсун, сиңдимдин дарыларына каражат төлөшүп аман алып калууга көмөктөшсө болду эле", - дейт Чынара Дооранова.

Мындан сырткары Орусиядагы Кыргыз элчилигинен көмөк издеп барып, жардам ала алышпагандыгын айтып, "кыргыздарды ким коргойт, гүлдөй кызыбыз көз алдыбызда соолуп бара жатат" деди жабырлануучунун эжеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Adylbek001
2017-12-09 00:59:05
Эжеге Аллах шыпаасын берсин
+3
Khabib
2017-12-09 01:04:43
Жакшы болуп кетиниз эже Аллахым шфасасын берсин бир кун келет буюруса жооп бере турган менинда бир тууган эжеми да 5 кун мурун уруп кетти москвадан эрте менен жумушка бараттып пешохотон оттуп бара жаткан жеринен акыреги сынып кетиптир азыр больницада дарыланып жатат ушул консулдагылар жакшы иштеп уруп кеткендерди жазасын алдырса болмок
+2
Badr.Hari.
2017-12-09 01:44:16
Босмостун орустары мындай кылык кылганда тенирчилер пысып кетишет)))).
+2
tasnim
2017-12-09 14:15:29
Badr.Hari.,жыты да чыкбайт десен.Башка жерлерде ар бирине жооп берип отурат
0
Kuba-savai87
2017-12-09 02:06:42
Москвага эки посольства ачыш керек дагы бирди ошондо иштешет булар
+1
KG.Kushtarbek
2017-12-09 03:19:58
Кана посольства элчилерибиз биздин...
не алар жанылык окубайбы ...Ошолор жардам бере турган иш
0
ermekov.2121
2017-12-09 05:03:24
Москыадагы посольство иштебейт барбай еле уойгула. Алар просто акчага кызыккан ХХХХХ
+3
Sharipa-asia
2017-12-09 05:04:42
Кыргыздар ай адам комада жатса ушул жерде да тытышабыз, аялдарга асылып, укук коргоочулар деп! Эң башкысы жердешибиз айыгып кетсин, ошону тилеп, бата берели, көпчүлүктүн тилегин берет Аллахым!
-1
meni_kut
2017-12-09 10:42:23
Sharipa-asia,Алардын жумушу укук коргоо, элге жардам беруу. Коргосун ушул кызды.
0
Ayida
2017-12-09 09:16:17
Азиза Абдрасулова Сурабалдиева депутат айым кана каяктасынар?Жардам бергиле кызга укугун коргогула ана. Тим эле чуу кылдынар эле бир адамдын тынч жашоосун.2 аялы болсода жакшы эле бул аял .Куйоосу чечмек проблемасын туугандары жугурбой
+2
kechirmeni
2017-12-09 09:47:28
кана кечээги азиза, аида касымалиева кыйындар? чыкпайсынарбы кыйын эленер го сразу арыз жазчу эленер го? же эч ким акча толобой атабы?баарына тегиз караш керек, НПО лор акча берсе суйлоп бербесе унчукпай отурбай
+2
nurik838383
2017-12-09 10:22:55
Элчилик эшек такалап отурабы
0
meni_kut
2017-12-09 10:45:25
Бакиевге ич кийим топтогон активисттер, ушундай койгойлуу нерсени которуп чыкпайсынарбы? Же акча тологон жерлерге чыгасынарбы? А элчиликке наалат.
+1
nurhan2702
2017-12-09 11:55:31
meni_kut,эн туура созунорго кошулам
0
zamira2012
2017-12-09 10:48:51
Элчилик жардам сурасан, акча сурайт.Акча бергенден созун угушу мумкун.
0
Almaz75
2017-12-09 14:15:50
Прокуратура,арыз албаса ген прокуратура,следственный комиттетке жазып через почта жөнөткүлө,
0
tttalant
2017-12-09 16:28:08
Элчилик иштебесе не керек бизге
0
JaneEr
2017-12-10 01:02:10
Кайран кыргыз келиндер кор эле болдунарго.Мигранттар элди багып,парламентти да багып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан