Газа сектору жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги баш аламандыктан кеминде 26 адам жабыркады

Газа сектору жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги баш аламандыктан кеминде 26 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-декабрда жүздөгөн адамдар "Күн каары" аталышындагы каршылык акциясына чыгышкан. Алар АКШ президенти Дональд Трамптын Израилдин борбору Иерусалим деп атаганына нааразычылык билдиришкен. Кийин акцияга чыккандар менен Израиль полициясынын ортосунда кагылышуу орун алган.

Айта кетсек, ушул жылдын 6-декабрь күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин борбору Иерусалим экенин расмий жар салган. Ошондой эле ал Тель-Авив шаарындагы АКШнын элчилиги Иерусалимге көчүрүлөрүн билдирген. Трамптын билдирүүсү бир катар мусулман өлкөлөрүндө нааразычылыктарды пайда кылган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иерусалим шаарынын укуктук жана тарыхый статусунун айланасында болуп жаткан абал боюнча тынчсызданып жатканын билдирди.

Израиль Иерусалим шаарын өлкө борбору деп атап келет. Көпчүлүк өлкөлөр аны таануудан баш тартып, ал маселе израиль-палестин ортосундагы диалог аркылуу чечилиш керек экенин билдирип келишет. АКШнын Конгресси Иерусалим Израилдин борбору экенин тааный турган мыйзамды 1995-жылы кабыл алган. Бирок АКШнын буга чейинки президенттери кол койгон эмес.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adylbek001
2017-12-08 23:12:24
Араб менен Еврейлердин чыры бул көнүмүш адатго Америкостор Еврейлердин спонсору
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан