Кыргыз элинин алп балбаны айтылуу Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган оюн-зоок, кайрымдуулук концерти болуп өттү.
Бишкек шаарында жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында анын элесине арналган эстрада жылдыздарынын, төкмө акындардын жана цирк артисттеринин катышуусунда концерт уюштурулду.
Бул иш-чараны уюштуруу демилгесин көтөрүп, иштин башында турган Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фонддун негиздөөчүсү жана балбандын чебереси Орозаалы Кожомкуловдун айтымында бул оюн-зоок, кайрымдуулук концерти Каба уулу Кожомкулдун көмүскөдө калган асыл сапаттарын жайылтып элге жеткирүү максатында уюштурулган.
"Бул иш-чараны бабабыздын мурда көмүскөдө калып, эл билбеген касиеттерин жайылтуу, таанытуу максатында уюштурдук. Каба уулу Кожомкул өзүнүн көрөгөчтүгү, таланттуу адамдарды сыйлай билгендиги жана жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турган", - деп билдирди уюштуруучу.
Ошондой эле алп балбанды эскерүү үчүн келген куудул Келдибек Ниязов белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканованын талантын байкап чыгармачылыкка алып келген инсан Кожомкул болгонун белгилеп кетти.
Мындан сырткары, келе жаткан жылы балбандын 130 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде белгилене тургандыгын жана бул мааракеге атайын бюджеттен акча бөлүнгөндүгүн иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өз сөзүндө айтып өттү.
Каба уулу Кожомкул - кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 килограмм, боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр, манжаларынын узундугу 25 сантиметр, баш бармагынын диаметри 4 сантиметр болгон. 52-өлчөмдөгү бут кийим кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм чамалуу өгүздү коңулдан сууруп чыккан. Элге "Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 килограмм, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө-Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, жумуру темирди ийип, аттын такасын колу менен кысып сындырганы эл ичинде айтылып келет.