Конго Демократиялык Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун базасына кол салуу болуп, уюмдун 14 өкүлү каза болду. Бул тууралуу маалыматты уюмдун маалымат катчысынын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, кол салуудан уюмдун дагы элүүдөй өкүлү жаракат алган. Бириккен улуттар уюмунун тарыхындагы көп жылдардан берки эң коркунучтуу кол салуу Уганданын "Конголук жоокерлер" деп аталган тобу тарабынан жасалгандыгы айтылууда. Топтун 5 жоочусу окуядан кийин жок кылынган.
Кол салуу Түндүк Киву провинциясында жайгашкан Бени шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Улуттар уюмунун базасына жасалган. Ал 4 саат убакытка созулган. "Конголук жоокерлер" тобу аталган өлкөдө байма-бай кол салууларды жасап келет. Алар ушул жылдын октябрь айында эле жергиликтүү 26 жаранды өлтүрүшкөн.
Конгодо БУУнун эң ири өкүлчүлүгү жайгашкан. Анын өкүлдөрүнүн тынчтыкты орнотуу миссиясына конголук 20 миңден көп адам кирип, ал үчүн жылына 1 миллиард доллар каражат жумшалат.