Бишкекте мас абалында ИИМдин кызматтык унаасын сүзүп милиция кызматкерлери менен чатакташкандар эки айга тергөө абагына камалышты

Бишкекте мас абалында ИИМдин кызматтык унаасын сүзүп милиция кызматкерлери менен чатакташкандардын баш коргоо чарасы каралып, алар эки айга тергөө абагына камалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан каралган.

Айта кетсек, 6-декабрда ИИМдин Атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери бара жаткан унаа менен Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгы болгон. Экинчи унаанын мас абалындагы жүргүнчүлөрү чатак чыгарышып, жол кырсыгына кабылган милиция кызматкерлеринин унаасынын видеорегистраторун талкалашып, эс-тутум картасын тартып алышкан. Кийин алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, коомдук тартипти бузушканы үчүн кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан