Америкалык ырчы Рианнага миллиардер жигити шакек салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.Маалыматта жазылгандай, 29 жаштагы белгилүү R&B жана поп-аткаруучу Рианнага сауд арабиялык сүйүктүүсү миллиардер Хассан Жамиль бриллиант көздүү шакек салган. Ырчы менен жаш миллиардердин мамиле түзүп сүйлөшө баштаганына бир жылдан ашык убакыт өткөн. Аталган шакек ырчынын аты жок манжасынан көп айдан бери жүргөнүн байкаган чет элдик маалымат каражаттарынын журналисттери түгөйлөрдүн мамилеси жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгилешкен.
Алгач Рианна шакекти алгач өзүнүн кичи мекени болгон Сент-Майкл шаарында өткөн иш-чарага тагынып барган. Андан соң бул божомолдорду ачыкка чыгарып ырчы өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына ошол шакектин сүрөтүн жарыялаган.
Сауд Арабиянын эң бай адамдарынын катарын толуктаган Хассан Жамиль "Saudi Toyota" компаниясынын президенти Абдул Латиф Жамилдиндин орун басары экени белгилүү. "Forbes" басылмасынын билдирүүсүнө таянсак, Хассан Жамилдин байлыгы 1,5 миллиард долларга бааланган. Байлыгы боюнча сүйүктүүсүнөн кем калбаган Рианна 2017-жылы эң көп киреше тапкан ырчы айымдардын ичинде өзүнүн 36 миллион доллары менен 7-сапты ээлеген.