Москвада Орус жараны унаасы менен сүзүп кетип комага түшкөн Кыргыз жараны Гүлбарчын Дооранованын иши боюнча тактоолор жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтусуна караганда, учурда бул маселе боюнча элчиликтин юристтери иштеп жатат.
"Жакындары элчиликке бир да жолу келбептир, Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө барышкан экен. Өкүлчүлүктүн жетекчиси дароо ошол жерден тергөөчүгө чалып, байланышыптыр. Тергөөчү жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун, тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, иш аягына чыкканга чейин өкүлчүлүк кийлигише албай турганын билдиришкен.
Учурда болсо бул окуя боюнча элчиликтин юристтери иштеп, иликтеп жаткан тергөөчү менен байланышып жатышат. Жакындарынын "тергөөчү күнөөлүүнү коргоп, ага жолуктурбай жатат" деген билдирүүсү боюнча да тактоолор жүргүзүлөт", - деп билдиришти элчиликтен.
Эскерте кетсек, буга чейин жол кырсыгына кабылган
Гүлбарчын Дооранованын эжеси Москвада сиңдисин орус жараны унаасы менен сүзүп кетип, полиция кызматкерлери күнөөлүүнү коргоп, ишти жакшы карабай жатышканын
билдирген.