9-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эрежесиз уруш боюнча Jash Kuch fighting championship (JFC) мелдеши өттү.
Анда Кыргыз мушкери Мыктыбек Мамасалиев украиналык Юрий Проценко менен чемпиондук кур үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында Мамасалиев Проценкодон жеңилип калды. Аталган мелдеште жалпы 8 мушкер күч сынашты. Мелдешке Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Өзбекстандын, Украинанын жана Чечен Республикасынын мушкерлери катышты.