Түркиянын Стамбул шаарындагы “Водафон Арена” стадионунун түндүк-батыш тарабында жана аренанын жанындагы сейил бакта кош жардыруу орун алган. Анда 38 адам набыт болуп, 100дөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алган.
Кечинде Стамбулдагы “Водафон Арена” стадионунда Түркиянын эки белгилүү футбол командасынын беттеши өткөн. Оюн бүткөндөн эки саат өткөндөн кийин стадиондун чекесинде бомба коюлган унаа жарылган. Бир мүнөткө жетип жетпеген көз ирмем ичинде бир жан кечти полиция кызматкерлеринин жанында өзүн жардырып жиберген. Бийлик өкүлдөрү үчүнчү бомба жарылбай калганын билдиришкен.
Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш терактты Күрд жумушчулар партиясы уюштурушу мүмкүндүгүн айткан. Кийинчерээк жардырууну күрддөрдүн "Күрдстан эгемендүүлүгүнүн алгырлары" радикалдык уюму моюнуна алган.
10-декабрга карата жылнаама.