Антонио Бандерас жаңы тасмада испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун ролун аткарууда

Белгилүү актёр жана кинорежиссёр Антонио Бандерас жаңы тасмага тартылып, анда испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун ролун аткарууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал учурда "Гений" аталышындагы тасмага тартылууда. Анда Пикассонун 40 жаштан 91 жашка чейинки (өмүрүнүн соңуна чейин) курагын аткарат.

"Мен бул образды аткарууга макулдук берип туура кылдымбы же жокпу айта албайм. Менимче, кинонун жыйынтыгын көргөн соң гана баа берүү керек. Учурда ролду элге жогорку деңгээлде жеткирүү үчүн сүрөтчүнүн 3-4 сүрөтүн дал өзүндөй кылып тартууга үйрөнүп калдым", - деген ал.

Фильм европалыктарга 2018-жылдын апрель айында тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан