Аксыдагы өрт кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 10-декабрь күнү эртең менен Кызыл-Жар айылындагы турак үйлөрдүн биринен чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр аны саат 09:50 чамасында өчүрүп бүтүшкөн.
"Үйдүн ичинен 47 жаштагы үй ээси К.Энин жансыз денеси табылган. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.