Голливуд актрисасы Анжелина Жоли жакында эле журналисттерге маек берип жатып, актрисалык кесипти аркалоосуна эмне түрткү болгонун айтты. Албетте, Жолинин күйөрмандары анын кичине кезинен тарта тасмаларга тартылып келгенин билишет. Бирок фильмдерге каалоосу менен эмес, акчага муктаж болгону үчүн тартылганы көптөр үчүн таң калууну жаратса керек.
"Мен фильмдерге 7 жашымдан тарта тартыла баштагам. Чынын айтайын актриса болууну таптакыр кыялданчу да эмесмин. Ал гана эмес камеранын алдында ар дайым өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Болгону апам рак илдетине чалдыгып, аны дарылоо үчүн көп каражат керек болгон. Мындан улам кинолорго тартылып, андан алган гонорарыма апама дары алчубуз. Атам экөө ажырашып кетишкендиктен, ал тараптан жардам болчу эмес", - деген ал.
Ошентсе да кийинчерээк жумушун баалап, актрисалык кесип креативдүү гана эмес, тарыхты, адамдардын кулк-мүнөзүн жана башка көп нерсе үйрөтө турганын түшүнгөнүн айткан.