Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде ырчы Ильяз Абдыразаков конокто болот

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу бир канча хит ырлардын автору, ырлары кыргыз элинде эле эмес, боордош казак бир туугандардын арасында да популярдуулукка ээ болгон эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаков.

Ырчы жубайы Мединанын сүйүктүү жолдошу, 2 уулдун мээримдүү атасы.

Ушул жылдын 20-ноябрында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан маданиятка кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же ал тууралуу сизди көптөн бери кызыктырган суроолоруңуз болсо узатып, түз эфир аркылуу жооп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

Түз эфир бүгүн саат 15:00дө башталат. Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

13-декабрда SUPER.KG'нин түз эфиринде Ильяз Абдыразаков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Eli.91
2017-12-11 14:58:10
айынан азап тарткан учурлар болгонбу?
2)Намаз окуйт деп уккан жайым бар,1 масала айта кетиниз окурмандарынызга?
3)аялданда маржанданда,бийик турган бул эне,эненизге чексиз суйуунузду туз эфир аркылуу жеткире аласызбы?
+1
Eli.91
2017-12-11 14:59:51
Суроолорума жооп Берип койсонуз абдан суйунмокмун рахмат.
0
Okunboim.
2017-12-11 18:41:12
Саламатсынбы Ильяз ? Сени жонокой деп аябай сыйлаймын! Сага суроо ) "А " тамганы уйроткон Биринчи муглиминди эстейсинби? Ошол мугалимдер сени айтып "ушул класста,ушул партада олтурган"-деп сыймыктанышат.
А бирок сен , ошол окуган мектебине бир жолу болсода барып ыраазычылык билдирбегенинди айтып конулдору чогот. Сага айтаарым бир жолу болсо да барып койсон, ошол мугалимдердин тобосу кокко жетмек.

Сизге коптогон ийгиликтерди каалаймын!
0
bekub1473kg
2017-12-11 19:12:33
Асалоому адейкум Ильяз байке эненин таманында бейиш экенин баарыбыз билебиз сиздин келинчегиниз мн апаныздын мамилеси кандай сыр болбосо
0
rahat.87
2017-12-11 22:11:15
эмнеге эле жаштарды чакыра бересинер туз эфирге,буларды инстаграммдан деле коруп атабыз,улуу муундардан деле чакырбайсынарбы.дем театрын дегендей,кечеги откон Марат байке сыяктуу таланттар копго,тируусундо баарлашып калган жакшыго
Айбек Карымов байкебиз да теледен корунбой калды,аны да чакыргылачы
+1
admin_superstan
2017-12-12 09:56:16
rahat.87, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
Ma9
2017-12-11 22:23:55
салам мурда хит ырлар жаралат болчу азыр бир эки укандан кийин очуп калат бир нерсе десек сиз укпайт экенсда иштеп атабыз мурдагыдай эле дейсинер эмнеге ырларын сапатсыз чыгып жатат журоко жете турган ырлар чыкпай калды
0
Eli75
2017-12-13 09:23:44
Саламатсыздарбы Супер Инфо, Иляз. Чындагында жөнөкөйлүгүң менен көпчүлүктү өзүңө тарткан адамсың, ушунуңан жазба. Эки суроом бар, биринчиси, атыңды Иляз деп ким койгон? Жашоонун маңызын түшүнө алдыңбы, түшүнүүгө эмне жардам берди? Рахмат!
0
Zalkar_Shamaldy-Sai
2017-12-13 10:04:28
Саламатсызбы Ильяз Братан А.Алымов братан менен неге иштешпей койдунуз ошол жазып берген ырлар хит болду эле
0
mentol
2017-12-13 10:17:22
Салам Ильяз байке, сизда омурлук жарынызда аяьай жонокой жакшы инсансыздар, аялыныз ото эле назик корунот уйдо жумуш кылып тамактарды турлоп жасап береби сизге жана кайсыл бышырган тамагын суйуп жейсиз?
0
vavilon.
2017-12-13 10:43:18
Салам Иляз, социалдык сайттарга киресиңби? Эгер кирсең дарегиңди берчи. Эмнеге мурункудай дүркүрөгө хит ырларды чыгарбай калдың, мисалы "азап" "жаным ай" деген ырлар сыяктуу? Азыркы ырларың супсак, мааниси жок же музыкасы жакшы эмес.
0
milashka_moia
2017-12-13 12:47:25
Саламатсыздарбы Супер инфо. Ильяз сиздин талантынызга таазим, чыгарчылык ийгилик,уй булоолук бакыт каалайм. Ильяз сиздин жонокойлугунузду баалайм. Суроом намаз окуйсузбу? Жума кундору мечиттерге барасызбы? Деги эле ислам дини боюнча ой пикириниз менен болушо кетсениз. Алдындан рахмат.
0
Elitta
2017-12-13 14:24:05
Саламатсызбы ИЛЯЬЗ байке каттуу тийсе кечирим сураймын,атаэнениз ажырашып кеткен деп угуп каламын Силер Нияз 2бун апан мн турасынар,атан мн катташып турасынарбы атандын башка семьясы барбы?Жана силер канча 1туугансын!
+2
joysin777
2017-12-13 14:54:47
прямой эфирди кантип коробуз айтып коесунарбы каяктан коробуз
0
admin_superstan
2017-12-13 15:19:00
joysin777, саламатсызбы! Бул шилтемеден көрүңүз. http://www.super.kg/supertv/
0
joysin777
2017-12-13 15:33:18
Ильяз кээ бир ырларындын музыкасы озбек улутунун музыкаларына окшоп кетет озунузго байкалабы коп комментайлер жазылат ошол ырлардын алдына музыкасы озбекчеге окшош деп себебин билгим келгенеле озунуз озбек музыкасын балким аспаптарын жактырасызбы же байкабай эле журоктон чыгып ошондой жазылып калабы
0
joysin777
2017-12-13 15:33:49
Сенин козун башкача ырындын клибинин эки варианты барекен себеби эмнеде кайсы варианты жагат сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан