"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Караколдук Албан-али Галкинге калпак кийгизди" деген аталыштагы видео жүктөлдү. (Ник:Be_a_hero)
Видео Максим Галкиндин "Лучше всех" берүүсүнүн үзүндүсү. Анда Кыргыз жеринин атынан барган 7 жаштагы Алим уулу Албан-али эл алдына чыгар замат алгач алып баруучуга ак калпак кийгизип, андан соң маегин баштаган. Тактап айтканда, мектептеги окуялары тууралуу айтып берген. Андан соң алып баруучу менен бирге жаныбарлар дүйнөсүнө "саякатташкан". Анын ар бир куйкум сөздөрү көрүүчүлөргө жагып, кыраан-каткырыктар менен коштолуп турган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.