Чубак Жалиловдун аялынын арызы боюнча кылмыш иши козголо элек, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
"Учурда арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө. Чубак Жалиловдун аялынын чынында "Сезим" кризистик борборуна жардам сурап кайрылгандыгы такталууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Айта кетсек, буга чейин Чубак Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жатканын жазган арызынын сүрөтү интернетке тарап, талкуу жараткан эле.