Баткенде электр эсептегичтерин Өзбекстанга алып өтүү аракетин көрүшкөн үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-декабрь күнү Кадамжай районунун Пылдырак тилкесинде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан үч Кыргыз жараны кармалган. Алар Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы менен 160 даана электр эсептегичтерин көзөмөл-өткөрүүчү жайдан башка жерден Өзбекстанга алып өтүү аракетин көрүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, аткезчилик жүктүн баасы 300 миң сомду түзгөн. Ал эми кармалгандар административдик жоопкерчиликке тартылып, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды.