Орус жараны ырчы Максимди үй-бүлөсүнүн урашына айыптоодо

Орусиялык ырчы Максим бактылуу үй-бүлөнүн урашына айыпталууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "СтарХит" басылмасына 38 жаштагы Людмила Реброва аттуу айым кайрылган. Ал ырчы Максимдин айынан үй-бүлөсү ураганын айтып, аны жолдошу менен жылуу мамиледе деп айыптаган. Ошондой эле ырчы бул тууралуу эч ким билбеши үчүн ар кандай кишилерди жиберип, коркутуп-үркүтүп жүргөнүн кошумчалаган.

"17 жылдык никебиз урады. Мага эч нерсе эмес, балам атасыз калды. Азыр Максим мага эмнелер белгилүү экенин билүү үчүн ар кандай адамдарды жиберип коркутууда. Жакында эле Москвадан убактылуу кетүүнү чечтим. Бул жакка январь айында келем", - деген ал.

Ошондой эле жолдошу, бизнесмен Борис Воробьев ырчы менен мындан бир канча ай мурун учактан таанышып калганын айтып, ошондон тарта анын үй-бүлөсүнө кылган мамилеси өзгөргөнүн билдирген. Мындан улам ушул жылдын 1-декабрында Реброва сотко жолдошу менен ажырашуу тууралуу арыз таштаган.

Ал эми Максим бул боюнча кыска гана билдирүү берген.

"Менин жүрөгүм бош. Менин ырларымды уккан күйөөлөрүн менден кызганган кызганчаак айымдар үчүн мен жооп бербейм", - деген ал.

Белгилей кетсек, Максим мурунку жолдошу Алексей Луговцов менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгон. Андан соң бизнесмен Антон Петров менен жылуу мамиледе жүрүп, экинчи кызын төрөгөн. Түгөйлөр көп өтпөй мамилелерин үзүшкөнүн ачыкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Akjolmaga
2017-12-11 15:09:44
Мунун несин жазасыңар андан коро тиги чубак эмне болду? шону жазсанар
-11
mira28
2017-12-11 15:40:35
Akjolmaga,Чубактын чуусуна окшоп кетет экен.Мында да ойноштуктун айынан бир уй було ураптыр.
+9
Akjolmaga
2017-12-11 16:07:33
mira28,
Чувакты колдогондордун баары экиден аял алабыз деп атышат эч болбосо ойнош күтөбүз дешти
-12
Kemel29101981
2017-12-11 20:55:56
Akjolmaga,сени эчким албай жатабы ошондо?
-2
nur8777
2017-12-11 15:59:36
Максимге башка бойдок жигиттер калбаптырбы? Татынакай, популярный.. Уй булолуу эркектерди эмне кыласын??
+9
kechirmeni
2017-12-11 16:38:02
nur8777,акчасы керек да жалан бизнесмендер менен общение кылат турбайбы
+5
010288
2017-12-11 16:17:48
Окуп буткучо Галкин окшойт деп ойлоп кеттим)))
+6
rejepova
2017-12-11 18:26:35
010288,менда )))
+2
Asel1Aikol
2017-12-11 20:06:53
010288,мен дагы ☺
+1
Alibay
2017-12-11 16:35:30
ХХХХ кобоюп кетти гоо)))
0
meni_kut
2017-12-11 20:39:10
Максим кой антпе кагылайын, бироонун коз жашынан корк окуп жаткан болсон)))
0
Aipusya_t
2017-12-11 22:30:42
meni_kut,)))) боорду эздинерго.бироонун коз жашынын устуно бактынды кура албайсын деп да койбопсунар)))
+1
Luna15
2017-12-12 08:00:16
Чубак деп Чубак ажынын бешигин терметтинер беле,кудайдан корксонор эмне тема болсоле ажыны кошосунар,Чубак ажы кылган ибадаттын бирин кылбай туруп артынан суйлогондун кереги жокго дейм тушунуп тушунбой.Андан коро оз уй-булообуз не болтат ошолордон кабар алгыла ушак андыбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан