Бүгүн Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын чүчү кулак аземи өтөт

Бүгүн, 11-декабрда Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын чүчү кулак аземи орун алат. Анда тандап алуу баскычында 1-2-орундарды ээлеген командалардын атаандаштары аныкталат.

Плей-оффто жалпы 16 команда күч сынашып, тайпалык баскычта 1-орунду ээлеген командалар 2-орунду ээлеген командалар менен өз ара беттешет.

Айта кетсек, тайпалык баскычта 1-орунду англиялык "Манчестер Юнайтед", "Ливерпуль", "Манчестер Сити" жана "Тоттенхэм", франциялык "ПСЖ", италиялык "Рома", испаниялык "Барселона" жана Түркиялык "Бешикташ" командалары камсыздаган. Ал эми 2 -орунду Швейцариялык "Базель", германиялык "Бавария", англиялык "Челси", италиялык "Ювентус", испаниялык "Севилия" жана "Реал Мадрид", украиналык "Шахтёр" жана португалиялык "Порту" командалары ээлеген.

Чүчү кулак аземи Ньон шаарындагы УЕФАнын башкы штабында Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө орун алат.

Плей-офф баскычынын алгачкы беттештери 2018-жылдын 13-14-февралында жана 20-21-февралда өтсө, жооптук беттештер 6-7-мартта жана 13-14-мартта өтөт.

Чейрек финалдык беттештер 3-4-апрелде жана 10-11-апрелде өтсө, жарым финалдык беттештер 1-2-майда өтөт.

Чемпиондор Лигасынын финалы 26-майда Украинанын Киев шаарындагы Олимпиадалык стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
madrid7000
2017-12-11 14:50:54
Реалга ийгилик кайсы курам болбосун женет деп ишенем.
+7
Rasul94
2017-12-11 18:54:04
madrid7000,айтканын келсин
+3
arawan
2017-12-11 15:04:54
реал уже мурунку калыбына келип баштады севилья мн болгон оюнда жакшы корсотушту ман ситини реал гана токтото алат ман ситиге тушсо экен
+5
miki87-06
2017-12-11 15:14:17
ПСЖ же Барса чемпион кудай кааласа
-5
malikkkg
2017-12-11 15:26:32
Реал ПСЖ
+4
madrid7000
2017-12-11 18:31:55
malikkkg,молодец туура болжопсун
+2
Alinur
2017-12-11 15:29:45
Реалга кимиси туш келсе дагын утушун каалаймын
+5
FCBMESSI
2017-12-11 16:05:33
Манчестер Сити менен Реал тушсо экен Реал чейрек финалда уктайт болчу
-3
FCBMESSI
2017-12-11 16:06:31
Чейрек финалга отпойт эле
-5
ilgizk
2017-12-11 16:45:50
Барса реал болот
-4
madrid7000
2017-12-11 16:51:36
ilgizk,оозуна май ошондой болсо кана
-4
Rasul94
2017-12-11 18:53:06
ilgizk,бир мамлекет плей оффто туш келбейт.унутпа
-2
madrid7000
2017-12-11 20:57:50
Rasul94,2016-17 жарым финал Атлетико Реалчы
-1
Rasul94
2017-12-11 22:24:13
madrid7000,жарым финалда болот
0
Motorola-Samsung
2017-12-11 17:47:10
Реал-ПСЖ ойной турган болду мына кызык
+3
maratbek88.88
2017-12-11 23:35:02
М.Ю чемпион
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан