Токмок шаарында 60 грамм маңзат менен Улуттук Гвардиянын "Пантера" атайын багыттагы бөлүгүнүн майору кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Ал эми Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан "7-декабрь күнү тинтүү иштеринин негизинде 60 грамм маңзат менен бир жаран кармалган. Жарандын өздүгүн тактоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилди", - деп билдиришти.