Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы көлмөгө унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында (Токмок шаары) "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө түшүп кеткен Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унааны ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары алып чыгышты. Куткаруучулар тарабынан унаанын ичинен 4 адамдын жансыз денеси табылган. Каза болгондордун аты-жөнү такталууда", - деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.