Индиянын Ахмедабад шаарында 11-19-декабрда өтө турган өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Бүткүл дүйнөлүк олимпиадага Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын катчысы Медина Жумашова билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдеште 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышып, алардын ичинде Орусия, Индия, Непал, Өзбекстан, Казакстан, Австралия жана башка өлкөлөрүнүн спортчулары бар.
Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан Адилет Жолдошмаматов, Бегимай Заирбек кызы, Зарина Усупбекова жана Тилекматали Сулайманов катышат. Курама команданын башка машыктыруучусу Ислам Байсынов.
Эске салсак, Ислам Байсынов ноябрь айында Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн шахмат боюнча Азия чемпиондугун багындырган.